31.10.2018 20:50

Иса Өмүркулов КСДПнын катарынан чыгарылды

Иса Өмүркулов КСДПнын катарынан чыгарылды

Иса Өмүркулов КСДПнын катарынан чыгарылат. Бул туурасында бүгүн, 31-октябрда партиянын штабынан билдиришти.

Маалыматта «КСДПнын Саясий кеңеши өз отурумунда Жободогу 2.8 пунктка ылайык, Өмүркулов Иса Шейшенкуловичти партиянын Жобосуна, негизги максаттарына жана милдеттерине каршы келген иш-аракети үчүн партиянын катарынан чыгаруу чечимин кабыл алды», -деп жазылат. 

Ошондой эле, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясына Иса Өмүркуловду парламенттеги фракция лидери кызматынан чакыртып алуу сунушталды. 

КСДПнын Саясий кеңешинин регламентинин 3.1.пунктуна ылайык, Иса Өмүркуловдун партия мүчөлүгүнөн чыгарылышына байланыштуу саясий кеңеш мүчөсү ыйгарым укуктары токтотулат.