13.08.2018 10:56

Иш издеп барып, ооруканага түшүп калган мекендешибиз. Россиядагы кырсык

Иш издеп барып, ооруканага түшүп калган мекендешибиз. Россиядагы кырсык

Эмерек чыгаруучу фабрикага жумушка орношуу үчүн келген кыргыз жараны оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды. Кырсык Россиянын Санкт-Петербург шаарында болгон. Бул туурасында фонтанка.ру жазып чыкты. 

Кыргызстандык жарандын ишке орношом деген максатын таш каап, анын ордуна ден соолугуна ири залака келтирилди. 28 жаштагы жигит 9-август күнү   «Слав» эмерек чыгаруучу фабрикага аңгемелешүүдөн өтүүгө келип, байкабай калып, жүк ташуучу лифттин шахтасына түшүп кеткен.

Эки кабат үйдүн бийиктигине барабар болгон жерден кулап түшкөн мекендешибиздин баш сөөгү катуу жаракат алып, төш сөөгү жабыркап, омурткасы жана жамбаш сөөгү жабык сынган. Ал оор абалда оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы айтылат.