20.09.2018 09:20

Иштетпей коюшту. Каракол шаарынын мэри өз каалоосу менен кызматын тапшырды

Иштетпей коюшту. Каракол шаарынын мэри өз каалоосу менен кызматын тапшырды

Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев ээлеген кызматынан кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйруктун негизинде «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Каракол шаарынын мэри Арпачиев Данияр Карагулович, берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулду.

Эскерте кетсек, 31-июлда Каракол шаардык кеңеши Арпачиевге ишеним көрсөтпөө маселесин ортого салып, 30 депутаттын 28и бул чечимди колдогон. Бирок, өкмөт башчы документти кайра карап көрүүгө жөнөткөн болчу. 

Кечээ болсо, депутаттар кезексиз жыйынга чогулуп, бул маселени кайра көтөрүп чыгууга камданып жатышканы айтылган.