10.08.2018 15:37

Ысык-Ата районунда дайынсыз жоголгон эки жашар кыз табылды

Ысык-Ата районунда дайынсыз жоголгон эки жашар кыз  табылды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда дайынсыз жоголгон 2 жашар кыз табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Окуя бүгүн, 10 – август күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылындагы “Дача-Лира” тилкесинде болгон. А.Н. аттуу 2 жашар кыз дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат  102 кызматынан келип түшкөн.

Издөө иш-чараларына жалпы 60 адам тартылып, анын натыйжасында саат 10:20да кызды чуңкурдан тирүү табышып, ата-энесине өткөрүп беришкен. Бөбөктүн абалы- канааттандыраарлык.