10.08.2018 11:42

Ысык-Көл облусунда уу коргошунга ууланган 3 бала ооруканага жаткырылды

Ысык-Көл облусунда  уу коргошунга ууланган 3 бала  ооруканага жаткырылды

Ысык-Көл облусунда 3 бала уу коргошунга ууланып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу April.kg порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 9-август күнү болгон. Түп районундагы Ак-Булак айылында жашаган 25 жаштагы аялдын толгоосу келип, Караколдогу төрөт үйүнө кеткен. Ал  Күрмөнтү айылында жашаган апасына 3 жана 4 жаштагы балдарын  таштап кеткен. Ал үйдө дагы бир 9 жаштагы өспүрүм болгон. 

«Чоң энеси башка иштер менен алаксып жүргөндө балдар бөтөлкөдөгү суюктукту таап алышкан. Алар  шире экен деп ойлоп ичип алышкан. Натыйжада ууланышып, Түп райондук ооруканасына жеткирилди», — деп жазылат маалыматта.