19.04.2018 17:20

Ысык-Көл облусунда Жолколот айылынын тургундары нааразычылык акциясына чыгышты

Ысык-Көл облусунда  Жолколот айылынын тургундары нааразычылык акциясына чыгышты

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жолколот айылынын тургундары нааразычылык акциясына чыгышты.  Алар «Мамыр» акционердик коомуна  таандык 108 гектар жер тилкесин айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүүнү талап кылышууда. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, айылдагы  жаш үй-бүлөлөр жер тилкесине муктаж. 

Алар менен жолугушууга  өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым өкүлү Узарбек Жылкыбаев келди.  Өкмөт өкүлү маселени мыйзам чегинде чечиш керек экенин билдирди.  Анын айтымында,  ЖК төрагасы Дастан Жумабеков бул маселени терең иликтөө үчүн аталган айыл тургундарынан жана Октябрь айыл өкмөтүнүн депутаттарынан турган делегацияны кабыл алууга даяр.