Ысык-Көл облусунун эли кардын кесепетинен 20 миллион сомдон ашык зыянга учурады
Ысык-Көл облусунун жайыттарына түшкөн кар жана катуу шамал облус жарандарын канча чыгымга учуратканы такталып чыкты. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл районунда 2 миң 941 кой-эчки, 87 баш уй, 111 баш жылкы өлгөн. Район боюнча 17 миллион 637 миң 600 сом чыгаша келтирилген.
Ак-Суу районунда 139 баш кой-эчки, 4 уй, 7 жылкы өлгөн. Район боюнча 1 миллион 67 миң сом чыгаша келтирилген.
Түп районунда 59 баш кой-эчки өлгөн. Чыгаша 236 миң сомду түзгөн.
Тоң районунда 240 баш кой-эчки, 7 баш уй, 1 баш жылкы өлгөн. Район боюнча 1 миллион 387 миң 80 сом чыгаша келтирилген.
Жалпы-жонунан облуста 3379 кой-эчки, 98 баш уй жана 119 жылкы кырылган. Малчылар тарткан чыгым жалпысынан 20 миллион 327 миң 680 сом деп эсептелинүүдө.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: