17.05.2018 10:56

Ысык-Көлдө медициналык мекеме жетекчилери кошумча айлык алып жүрүшкөнү аныкталды

Ысык-Көлдө медициналык мекеме жетекчилери кошумча айлык алып жүрүшкөнү аныкталды

Ысык-Көл  облусунун прокуратурасы облустун медициналык мекемелеринин жогорку кызматтагы адамдарына карата кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.  

Маалыматта, Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматтык адамдары аталган мекеменин кызматкерлери менен мыйзамсыз келишим түзүшкөнү айтылат. Бул келишимдин негизинде 2015-жылдын июнунан тартып, 2018-жылдын январына дейре мекеменин айрым кызматкерлерине  жана үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басарларына кошумча айлык акы төлөнүп келген. Мунун жыйынтыгында, мамлекетке 930 миң сом зыян келтирилген.

Ушундай эле учур Балыкчы шаарынын аймактык ооруканасында жана Балыкчы шаары менен Ысык-Көл районунун Үй-бүлөлүк медицина борборунда катталган. Мындагы өлкө казынасына келтирилген зыян 1 млн. 515 миң сомду түздү.

Облус прокуратурасы медициналык мекеменин жогорку кызматтагы адамдарына карата 304 - берене ("Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу") кылмыш ишин козгоду.

Тергөө улантылууда.