16.10.2018 17:37

Ысык-Көл ОИИБ: 9 жаштагы баланын өлүмү боюнча ачылган иш жетекчиликтин көзөмөлүндө

Ысык-Көл ОИИБ: 9 жаштагы баланын өлүмү боюнча ачылган иш  жетекчиликтин көзөмөлүндө

«Ысык-Көл облустук ИИБ муунтулуп өлтүрүлгөн 9 жаштагы баланын жакындарынын кайгысын түшүнүп турат. Бирок, алардын милиция иштебей жатат деп айтканына макул эмес». Бул тууралуу облустук ИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Айтымдарында, 1-октябрда Чолпон-Ата шаарында катталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Тиешелүү комплекстик экспертизалар дайындалган. Кылмыштын бетин ачуу үчүн тергөө-оперативдүү топ түзүлгөн. Ишти иликтөө Ысык-Көл облустук ИИБ жетекчисинин көзөмөлүндө. 

«Азыр жасалган кылмыш иш боюнча бир катар божомолдор бар, аларды ыкчам-иликтөө жүрүп жатат. Бирок, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн бүт баарын ачык айтып сала албайбыз. Ысык-Көл райондук ИИБдин бардык күчү коомдо катуу резонанс жараткан бул кылмыш ишин ачууга багытталган. Каза тапкан баланын апасы өзү күндө милициялар кылмышкерди табуу үчүн кандай иштеп жатканын көрүп атат. Жыйынтык болоор менен ЖМКлар аркылуу коомчулукка маалым кылабыз», -дешет облустук милициядан.