23.10.2018 16:44

Ысык-Көл ОИИБ: Жактоочу Жанара Аскардын негизсиз билдирүүлөрү милициянын кадыр-баркын түшүрүүдө

Ысык-Көл ОИИБ: Жактоочу Жанара Аскардын  негизсиз билдирүүлөрү милициянын кадыр-баркын түшүрүүдө

Ысык-Көл облусунун Кароол-Дөбө айылынын тургуну С. уулу Элдостун Тамчы айылында сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу April.kg порталына Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта райондук милиция тарабынан Элдосту сабаган жарандардын үстүнөн 234-берене (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгону айтылат. Ошондой эле, жабырлануучунун жактоочусу Жанара Аскардын айрым ЖМКларда жарыяланган сөздөрү чындыкка туура келбей турганын кошумчалашат.

«Жактоочунун милиция кызматкерлери шектүүлөргө тосмо арыздын формасын бергени, Элдос соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартканы жана арызды кароосуз калтыруу өтүнүчү түшүп жатканы тууралуу маалыматы - калп», -дешет милициядан. 

Маалымат кызматтын билдиришинче, 16-октябрда Ысык-Көл райондук тергөө кызматынын тергөөчүсү тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жабырлануучу Элдос өзүнүн биринчи арызында жана түшүнүк катында аны сабоонун себеби динге байланыштуу экенин айткан эмес. Ошондой эле, тартип сакчылары анын кармалгандарды эл алдында айыптап чыгуусуна бөгөт коюу максатында ооруканага келген эмес. 

«Мындан улам, жактоочу Жанара Аскардын негизсиз билдирүүлөрү милициянын кадыр-баркын түшүрүп, ишине көө жаап жатат. Калың элге жар салыштан мурун тергөө иштери кандай жүрүп жатканынан кабар алыш керек эле. Ысык-Көл районунун ИИБинин кызматкерлеринин бул фактыны жөн гана унуткарып коюу максаты жок. Ачылган кылмыш ишинин алкагында бардык тергөө иштери мыйзам чегинде жүрөт», -деп айтылат маалыматта. 

Эскерте кетсек, 16-октябрда Көлдүн Тамчы айылында жергиликтүү 3 жигит башка айылдан келип, агасынын үйүн кайтарып жаткан 25 жаштагы Элдос аттуу жаранды сабап кетишкен. Айрым ЖМКларда жергиликтүүлөр аны христиан динине байланыштуу ырларды угуп жатканы үчүн сабашкан деген маалымат чыккан. Бирок, Ысык-Көл облустук милициядан муну төгүндөшкөн.