23.08.2018 11:11

Ысык-Көл району III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алдында ири ишембилик өткөрөт

Ысык-Көл району III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алдында  ири ишембилик өткөрөт

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алдында ушул жылдын 25-26-августунда Ысык-Көл районунун аймагын, борбордук жолдорду жана суу жээгиндеги зоналарды тазалоо боюнча ири иш-чара өтөт. 

Ысык-Көл областындагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колдоосу астында өтө турган бул экологиялык акция, Ысык-Көл районунун акимияты жана “Эко Деми” коомдук фонду тарабынан уюштурулган. Ишембилик Балыкчы шаарынан тартып Семеновка капчыгайы, Кырчын жайлоосуна чейин жүрөт. Саамалык учурунда Ысык–Көл районунун 100 чакырымдан ашуун аймагын тазалоо пландалууда.

Экологиялык акцияга баардык каалоочулар катыша алышат. Алар 25- августта Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл райондук администрациясынын алдына саат 9:00гө келсе болот.