19.07.2018 10:13

Ысык-Көлдүн Түп районунда 58 баш кой-эчки чагылган тийип кырылды

Ысык-Көлдүн Түп районунда 58 баш кой-эчки  чагылган тийип кырылды

Түп районунун “Суран” жайлоосунда чагылган түшүп, 44 баш кой, 12 баш эчки өлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 17-июль күнү саат 22:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кутургу айыл аймагынын Кутургу айылында жайгашкан “Суран” жайлоосунда К. Солтоевдин короосуна чагылган түшүп, короодо камалган 44 баш кой, 12 баш эчкиси өлгөн.

КР ӨКМнин райондук бөлүм башчысы, Түп районунун акиминин орун басары, Кутургу айылынын ветеринардык кызматынан 1 адам, райондук жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо кызматынан 2 адам жана жергиликтүү тургундардан 20 адам окуя болгон жерге барышты.

18-июль күнү Жарандык коргонуу комиссиясынын катышуусунда Кутургу айылынан 6 чакырым алыстыктагы мал көмүлүүчү жайга белгиленген тартипте өлгөн жаныбарларды көмүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Төмөндөгү спойлерде сүрөттөр бар.

 
Спойлер