08.05.2018 08:50
Ысык-Көлдө иштен чыгып калган гемодиализ аппараттары оңдотулду
Ысык-Көл облустук бириккен оорукананын "Жасалма бөйрөк" бөлүмүндөгү гемодиализ аппараттары оңдолду. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде аталган ооруканадагы 6 гемодиализ аппаратынын баары жарактан чыгып калганына байланыштуу, 28 бейтап шашылыш түрдө өлкөнүн "Жасалма бөйрөк" бөлүмдөрүнө бөлүштүрүлгөн болчу.
Анын ичинен 8 бейтап Балыкчыга гемодиализ алууга жөнөтүлсө, 6 жаран -Нарынга, 14 жаран Бишкекке келүүгө аргасыз болгон.
Бүгүнкү күндө облустун ар башка саламаттыкты сактоо уюмдарына бөлүштүрүлгөн 28 бейтабы штаттык режимде, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында гемодиализ алып жатышат.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: