Ысык-Көлдөгү катуу шамал социалдык объектилер менен турак жайлардын чатырларын учурду
28-май күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жана Каракол шаарында ылдамдыгы секундасына 14 метрге чейин жеткен шамал катталды. ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, анын кесепетинен социалдык объектилер менен турак үйлөрдүн чатырлары зыянга учурады.
"28-май күнү саат 13:00 чамасында Жети-Өгүз районунда ылдамдыгы секундасына 14 метрге жеткен шамал катталып, анын кесепетинен Кызыл-Суу айылында жайгашкан Жети-Өгүз райондук сотунун имаратынын 235 чарчы метр тунукесин, Саруу айылында 2 турак үйдүн 10 даана шиферин, 162 чарчы метр тунукесин, 1 сарайдын 30 чарчы метр тунукесин учурган.
Ошондой эле, Каракол шаарында саат 14:00дөрдө ылдамдыгы секундасына 12 метрге жеткен шамал катталган. Шамалдын кесепетинен "Келечек" бала бакчасынын чатырынын 3 даана шифери, №127 көп кабаттуу үйдүн 80 чарчы метр чатырын, №101 көп кабаттуу үйдүн 180 чарчы метр тунукесин, №1 орто мектептин 8 даана шиферин, Кара тумоого каршы бөлүмүнүн 114 чарчы метр тунукесин, автобекеттин 600 чарчы метр чатырын жана «Кыдыр Аке» дүкөнүнүн 30 чарчы метр чатырын учурган", - деп билдиришти ӨКМден.
Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан келтирилген чыгымдардын кесепеттери такталууда. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча адам өмүрүнө зыян болгон эмес.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: