21.06.2018 12:14
Ысык-Көлдө мөмө-жемиштер фестивалы өтөт
Ысык-Көл облусунун Темировка айылында 4-августта “Карагат-Фест-2018” аталышындагы мөмө-жемиштер фестивалы өтөт. Аны “АВЕП” коомдук уюму “Кумтөр” компаниясынын акчалай колдоосунун арты менен 5 жылдан бери уюштуруп келет.
Фестивалдын максаты – Ысык-Көл облусунун мөмө-жемиштерин жергиликтүү жана чет элдик рынокко таанытып, чыгаруу.
Майрамдык программада жемиштердин парады, дыйкандардын жарманкеси, техникалык жабдыктардын көргөзмөсү, мастер-класстар, конкурстар жана концерттик программалар каралган.
Жарманкеге келгендер мөмө-жемиштерди өндүрүүчүлөрдүн колунан сатып ала алышат.
Иш-чара 4-август күнү саат 13:00дө башталат.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: