26.11.2018 14:45
Ысык-Көлдө телефондун жарылуусунан жаракат алган баланын абалы оор бойдон калууда
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда окуучу бала мобилдик телефондун жарылуусунан жабыркады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 14 жаштагы окуучу 24-ноябрда саат 23:00 чамасында Тоң райондук ооруканасына денесинен күйүк алып жеткирилген. «Жабырлануучунун көкүрөгү, курсагы, алаа жагы жана оң жак саны 1-2 деңгээлдеги күйүк алды (30 пайыз). Учурда туруктуу оор абалда. Тиешелүү дарыларын алып жатат», — дешти министрликтен.
Жабырланган баланын «Nokia X1» үлгүсүндөгү телефонду колдонуп жүргөнүнө бир ай гана болгон. Апасы менен сүйлөшүп бүтүп, телефонун жерге түшүрүп алган. Жерден көтөрүп, чөнтөгүнө салганда, жарылып кеткен.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: