08.07.2019 10:06

Ысык-Көлдө туристтин жоготкон буюмдары кайтарылып берилди

Ысык-Көлдө туристтин жоготкон буюмдары кайтарылып берилди

Россиялык туристке Ысык-Көлгө баратып жоготкон документтери жана акча каражаттары кайтарылып берилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. 

5-июль күнү Балыкчы ШИИБне Россия Федерациясынын Белгород облусунун Новый Оскол шаарынын тургуну Вячеслав Андреев кайрылган. Ал Ысык-Көл районунун Тамчы айылына эс алууга бара жатып, Боом капчыгайындагы «Кызыл көпүрө» участкасында барсеткасын унутуп кеткенин билдирген. Анын айтымында, 40 мүнөттөн кийин барсеткасын жоготуп алган жерге келгенде, буюм жок болуп чыккан. Анын ичинде паспорт, айдоочулук күбөлүк, автоунаанын техпаспорту, ошондой эле 20 миӊ рубль, 15 миӊ тенге жана 16 миӊ сом бар болгон. 

Кийинчерек белгилүү болгондой, жоголгон буюмду жергиликтүү тургундар таап алышып, аны Тоӊ РИИБне жеткирип беришкен. Жоготулган буюмду ээсине кайтарып берүү үчүн милиция кызматкерлери Тамчы айылына келишкенде, ал аталган жерде жок болуп, Чолпон-Ата шаарына эс алууга кеткендиги белгилүү болгон.

Россия жаранынын жайгашкан жерин аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп, бир суткадан кийин жоготулган буюмдун ээси табылып,  барсеткасын, документтерин жана акча каражаттарын толугу менен кайтарылып берилди.