24.05.2018 12:07

Ысык-Көлдө жайлоолорго кар жаап, малга зыян келтирилген

Ысык-Көлдө жайлоолорго кар жаап, малга зыян келтирилген

Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаады. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Министрликке Жети-Өгүз районунун Тамчы айыл аймагына караштуу Кайкы жана Чок-Тал жайлоолорунда, ошондой эле Ак-Суу районунун Жыргалаң айыл аймагына караштуу Ак-Сай, Чымынды-Сай, Көк-Сай, Көк-Бел, Арашан, Алмалуу, Шахты жайлоолорунда кар калың жаагандыгына байланыштуу, мал жандыктарга зыян келтирилген деген маалымат түшкөн.

«Жерине саат 09:30да Ысык-Көл райондук бөлүм башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы, Ак-Суу районуна КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, 10 куткаруучу жана Жарандык коргонуу  комиссиясы чыгып кетти», -деп билдирет ӨКМ.

Бул туурасында кошумча маалымат берилет.