14.06.2018 14:30

Искендер Шаршеев: Улут катары сакталыш үчүн тилибизди, маданиятыбызды, өз жерибизге болгон кожоюндукту сакташыбыз керек

Искендер Шаршеев: Улут катары сакталыш үчүн тилибизди, маданиятыбызды, өз жерибизге болгон кожоюндукту сакташыбыз керек

Мамлекет башчынын 6-8-июнь күндөрү Кытайга болгон мамлекеттик сапарынан кийин, Кыргыз-Кытай алакалары эң жогорку деңгээлге жетти деп айтыла баштады. Чынында өткөн жылкы көрсөткүчтөрдү алсак, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу кыйла өсүп, Кытай бизге ири инвестор болгону белгиленет. Бирок, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу ызы-чуулар менен коштолуп жатканына баары күбө. Бул көрүнүш Кытай менен болгон алакага таасирин тийгизбейби деген маселени жана Кытай менен болгон экономикалык байланышты талкуулоо максатында, «Апрель» телеканалынын эфиринде экономист жана чет элдик инвесторлор биримдигинин жетекчиси Искендер Шаршеев менен маек курулду. 

-  Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон мамлекеттик сапары жыйынтыкталды.  Мамлекет башчылар чет өлкөгө чыкканда, башка өлкө лидерлери, же өкмөт башчылары менен жолуккандан кийин билдирүүлөр болот. Ар кандай документтерге кол коюлат, «бизге баланча инвестор келет, биргелешкен ишканалар курулат»  деп эле айтылып келет. Бирок, иш жүзүнө келгенде анын баарын толук көрбөй жатабыз. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

- Менин оюмча, бул эгемендүүлүктү алган 25-26 жыл ичиндеги Кытайдан келген  ишкерлерге болгон мамилебиздин жыйынтыгы. Анткени бүгүнкү күнү Кытайдын коому аябай интернеттешип кеткен. Аларда Tensent (бат  маалымат алмашуучу QQ жана жана  WeChat тармактарын иштеткен кытайлык компания) жана  Baidu  деген (Кытайдагы эң алдыңкы маалымат издөө системасы) сервистер бар. Алар аркылуу Кытайдын 1,2- 1,5 млрд эли Кыргызстандан кайсы жаңылык келбесин, бат эле билип алышат. Мисалы, 1990-2000-жылдары Кыргызстанга келген ишкерлер ар кандай  кордуктарды көргөн. Бизнестерин тарттырып ийген, токмок жеген учурлар болгон, ден соолугунан айрылышкан, кээсин өлтүрүп да коюшкан. Ал жактан бизге келип ийгиликтүү иштеп жаткан бир эле чоң топ бар, алар баягы Синь-Цзянь уйгурлары. Ошондуктан акыркы жылдары  Кытайдан жалаң гана мамлекеттик кепилдик менен гана акча келип жатат.  Кыргызстанга өз капиталдарын жумшаган Кытай ишкерлери абдан аз. Ал эми, чоң долбоорлор мамлекеттик  кайсы бир келишим менен карыз, грант катары келип жатат. Анткени, биз менен кызматташууга Кытай мамлекети өзү кызыкдар. Кытайдын бир чек арасын Кыргызстан жабат, албетте, өлкөбүздө баары тынч болсо,  демек Кытайдын да коопсуздугу чечилет. Ошондуктан алар бизге карыздарды берип, инвестиция кылганга аракет жасап, президенттерибизге жакшы мамиле кылып жатышат. Мен жумушума байланыштуу Кытайдан ишкерлер келгенде аларды тосуп алып, сүйлөшөбүз. Бир аз убакыт өткөн соң чечилип сүйлөшүшөт Алар: «Бул жакка премьер-министриңердин айтуусу боюнча, аны сыйлаганыбыздан эле келип жатабыз. Болбосо, Филиппинде, Тайландда соодабыз жакшы жүрөт» дешет.  «Иш ачасыңбы"» десем,  «Жок азырынча ачпайбыз. Себеби бул жакта силердин патриотторуңар бизди аябай жаман көрөт, ошон үчүн ачпайбыз»,- деп айтып коюшат.

- Азыр Кытай боюнча айттыңыз. Эми башка мамлекеттер менен бул жаатта мамиле кандай?

- Учурда башка өлкөдөн акырындап, мисалы, Швецария, Америкадан азыраак инвестиция менен ишкерлер келип жатышат. Дал ушул өлкөлөр менен азыр иштешебиз. Келип ишканаларды, кээ бирлери университеттерди ачып жатышат. Кореядан келген ишкерлердин саны көп. Дагы акырындап келип жатышат. Бирок ушул жылдарды алып  карасак, эң көп мамлекеттик инвестиция Кытайдан келди десек болот.

- Кайра эле ошол Кытайга кайрылсак. Бизде жүз берген акыркы окуялар, мисалы ошол эле TBEA, Huawei компаниясы менен байланышкан иштер, ызы-чуу менен коштолгон  жагымсыз окуялар, кытай инвесторлоруна кандайдыр бир деңгээлде таасир эттиби?   

-Албетте, ал нерселер Кытай коомунда тез эле талкууга алынды. Кытайдын биздин өлкөдөн бир сыйра көңүлү калды. Бирок, бизге Кытайдан жеке капитал келбегенин түшүнүш керек. Алардын 80-90% бизнеси мамлекет менен байланыштуу, мамлекеттик мүлктүн көзөмөлүнүн  астында болот. Кытайда бул коммунистик капитализм деп аталат. Ошон үчүн ал жакта мамлекеттин көзөмөлү күчтүү. Албетте, акыркы окуялар кытай ишкерлерин сестенттирди, чоочутту. Бирок бийлик Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөшпүз деп билдиргендиктен, эли катуу каршы чыккан жок. Кытайдын ишкерлик этикасы ушу экен. Алар документ менен эмес сөз, ишеним менен иш жасайт экен. Ал эми биз  Советтер союзу учурунда жашап, СССР Россиянын мураскери болсо, Россия немистик Романов династиясынын  мураскери болуп калгандыктан, бизге немис мектеби келген. Ошол себептен бизнес план түзүп, экономикалык негиздөө техникасына кол  коюп бермейинче, биздин барктуу уюмдарыбыз бир да кыймыл кылбайт. Кытай менен биздин бизнес-этика, бири-бирине карама-каршы келип калып жатат. Ушундай эле окуя Америкада, Евро биримдигинде да болуп жатат. Мындай айтканда, Чыгыштын бизнес этикасы менен Батыштыкы туура келбей атат. 

- Демек, мындай ызы-чуулар Кытай инвесторлору үчүн  кадыресе эле көрүнүш экен да?

- Негизи бизнес-план кылбай эле, бир эле сумманы сүйлөшүп, кол алышып коюу алардын адаты. Бирок биз Германиялык бюрократия мектебинен билим алгандыктан, мындай нерсени кабыл ала албайбыз. Кытай тараптын да докладдарын уктук, алар  өзүлөрүн күнөөлүү сезишкен жок.Биз баарын келишимде жазылгандай эле аткардык деп жатышат. Демек биз келечекте техникалык экономикалык негиздерди колдонуп, ошол боюнча гана иштешибиз керек.

- Жогоруда айта кеттиңиз «Кыргызстан  үчүн Кытай азыр ири инвесторго айланды» деп, кандайдыр бир сандар,  суммалар барбы?

-Күндөн күнгө бул сандар өзгөрүп жатат. Бирок акыркы маалыматты текшергенде, өлкөгө дагы 90 млн келгени жатат. Соңку маалыматтарга таянсак, Кыргызстан Кытайга 1,7 млрд бериши керек болуп калат. 

- Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарына кайрылсак. Анда   өлкөбүздө электромобилдерди чыгаруу боюнча биргелешкен ишкана куруу тууралуу сүйлөшүү болду. Сиздин оюңузча бул реалдуубу?

- Мисалы электромобилди сиз экөөбүз деле чыгара алабыз. Бирок, ал жүргөн менен сырткы көрүнүшү анча болбойт.  Кооз жана өндүрүштүк максатта чыгарыш үчүн, миллиардаган долларлар керек. Бүгүнкү күндүн технологиялары менен бул ишти жүзөгө ашырууга мүмкүн.  Биз билгендей Кытайда 2025 –жылга чейин, бардык унааларын электромобилдерге  алмаштыруу планы бар. Алар көздөгөн максаттарына жетишет. Анткени, баягы «Тесла» деле патенттерин баарына таратты. Кытай деле аларды сатып алды. Иштери азыр кызуу жүрүп жатат. Дүйнө жүзү жана Кытай азыр электромобилдерге ставка коюп жатышат. Демек бизге деле ал пайда болот.

- Демек реалдуу эле нерсе экен да?

- Ооба, реалдуу. Бирок Кыргызстанга электромобилдерди башынан баштап жасаган завод курууга мүмкүнчүлүк болбойт болушу керек. Жыйноочу гана завод курулушу мүмкүн. Тетиктери Кытайда же башка өлкөдө өндүрүлөт. 

- Темир Сариев өкмөттүн башында турганда Кытайлык бир катар ишканалар, компаниялар өлкөбүзгө келет, көчүрүлөт  деген билдирүүлөр чыкты эле. Бирок тилекке каршы, андайды көрбөй жатабыз. Мунун себеби  эмнеде?

- Сөздүн башында айткандай. Кытайлар биздин президентибизди, премьер-министрибизди, мамлекеттик катчыны сыйлап, делегацияга катышып, келип жатабыз деген менен, чынын айтканда Кытай бизнесмендери  Кыргызстанга кызыкдар эмес. Алардын алдында 100-200 млн калкы бар Филиппин, Малазия өлкөлөрүнүн чоң базарлары жатат. Ошон үчүн алар ошол өлкөлөр менен иштешүүгө кызыкдар. Биздин базар кичине болгондуктан, бизге мамлекеттик эле инвестиция келет. 

- Ошентсе деле баягы биздин жарандык активисттер, айрым саясат таануучулар кытайлар бизде  аябай көп деп жатат. Демек анын баарын мамлекет жөнөтүп жатабы? Өз ыктыяры менен кытайлар келбей жатабы бизге ? 

-Тескерисинче, Кытай акыркы жылдары өлкөдөн качкан, коррупцияга малынган адамдарды табуу боюнча чоң операция өткөрүштү. Сырттан 2 млн го жакын адамды таап алып келишти, 100 дөн ашыгынын башын алышты. Ушундай тазалоо ишин жүргүзүштү. Кытайлар башка өлкөгө кишилерин жөнөтүүгө кызыкдар эмес. Көбүнчө коррупция кылгандар, өтө жакыр жашагандар, компартияга каршы чыгып сыртка качкандар бизге келет. Же болбосо аябай эле турмуш абалы начар адамдар Кыргызстандан кайсы бир мүмкүнчүлүк издеп келет. Бирок ал көйгөй бир гана Кыргызстанда эмес, Малазия, Сингапур, Камбоджа, Лаос, Вьетнам, Таиланд, Филиппин, Пакистан, Индия, керек болсо коңшу Тажикистанда бар. Ал жерлерге да кытайлар жакшы жашоо издеп келишет, жергиликтүү кыздарды алышат, акырындап жашап көбөйгөндө, өз маданиятын кура башташат, компартиясын түзүшөт. Сингапурда ушундай маселе чыкканда алар кытайларга компартия курууга тыюу салып, отургузчусун түрмөгө отургузуп, атчусун атып тазалаган. Мыйзам түрүндө силер өзүңөрдү кытай дебей, Сингапурлукмун дейсиңер, ушул өлкөнүн мыйзамы менен жашайсыңар деп, кытайлардын көптүгүн ушинтип чечишкен. Мындай коркунуч -реалдуу, Кыргызстанда да болуп кетиши толук мүмкүн. Бирок мен айтаар элем, келечекте Кытай же Орусия менен аралашып, чачыбыз ак болобу, көзүбүз көк болобу, сары болобу, ал кооптуу деле эмес. Ал тарыхый нерсе.  Эң негизгиси кыргыз болуп сакталып калуу үчүн, тилибизди, маданиятыбызды, өзүбүздүн жерибизге болгон кожоюндукту сактап турушубуз керек.