28.08.2018 13:39

Ыйлаган баланы жууркан менен басып алган тарбиячыга карата кылмыш иши козголду

Ыйлаган баланы жууркан менен басып алган тарбиячыга карата кылмыш иши козголду

Бүгүн социалдык тармактарда Казакстандын жеке бала бакчаларынын биринде тартылган тасма тарап кетти. Анда тарбиячы ыйлап жаткан баланы жууркан менен басып алып, басылгыча кое бербей турганы тартылган. Интернет колдонуучулардын айрымдары бул кайсы бала бакча экенин дароо таанып коюшкан. 

«Мен тасмадан бөлмө ичин көрүп, дароо тааныдым, бул бакчага менин балам да барат.  Ал чала-була тасмага түшүп калыптыр.Тарбиячы катаал ыкма менен баланы ыйын токтотууга мажбурлап жатканын карап туруптур. Бул абдан жагымсыз көрүнүш. Мен ыйлап жаткан баланын ата-энеси баласын таанып, тарбиячыга карата чара көрүшүн каалайм», -деп жазган Венера аттуу жаран. 

Маалыматка караганда, тасма Казакстандын Темиртау шаарында жайгашкан «Домик» жеке бала бакчасында балдардын түшкү уйкусу маалында тартылган. Анда тарбиячы аялдын бети даана көрүнүп турат. Бул факт боюнча 140-берене менен («Жашы жете элек балдарды тарбиялоодо өз милдетин аткарбоо») кылмыш иши козголду.  

Шаардын билим берүү бөлүмү полиция кызматкерлери ал аялды таап, териштирүү иштерин баштаганын билдирди.