02.07.2018 13:45

Июль айында жаратылыш газы үчүн жарандар канча төлөй турганы бекитилди

Июль айында жаратылыш газы үчүн жарандар канча төлөй турганы бекитилди

Июль айында газдын бир метр кубу 14,31 сомду түзөт. Бул туурасында "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынан билдиришти.

Өлкө калкы үчүн жаратылыш газынын 2018-жылдын июль айына болгон тарифи – 1м3 үчүн 14,31 сомду, ал эми өндүрүш ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн бардык салыктары менен 1 м3 үчүн 17,55 сомду, сатуудан алынган салыкты1 эске албаганда 1 м3 үчүн 17,39 сомду түздү.

Өткөн айда калк үчүн газдын 1 м3 баасы - 14,34 сомду, ал эми өндүрүш ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн  — 17,59 сомду түзгөн.