19.06.2018 08:30

Июль айында өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Июль айында өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет өлкө аймагында 2018-жылдын июль айында күтүлгөн абанын температурасынын жана жаан-чачындын көлөмүнүн болжолун жарыялады.

Маалыматка караганда, Чүй менен Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болот.

Чүй өрөөнүндө 24…26, Таласта 21…23 градус жылуу болушу күтүлөт. Кемин өрөөнүндө 17…19 градус жылуу болору божомолдонду.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 13…18 градустун тегерегинде болсо, күндүз 29…34төн 35…37 градуска чейин өзгөрүп турушу мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан төмөн болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 18-25 мм, Талас өрөнүндө 16-20 мм, тоо этектеринде 50-62 мм).

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогору болуп, 22…25 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 20…25 градус, күндүз 30…35 градустан 36…40 градус ысыкка чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн.

Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 13…18 градус жылуу болуп, күндүз 23…28 градустан 30…35 градус ысыкка чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө нормадан төмөн (9-29 мм), тоо этектеринде нормага жакын (23-71 мм) болушу күтүлөт.

Ысык-Көлдө абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогору болуп, 17…19 градус жылуу болору айтылды.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 12…17 градус жылуу, күндүз 17…22 градус жылуудан 23…28 градуска чейин өзгөрүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (30-45 мм, чыгышында 60-81 мм).

Нарын облусунда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 17…19 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30 градус жылуу болмокчу.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан төмөн болушу күтүлөт (24-41 мм).

Жайыт зоналарында:

Алайда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус жылуу болот. Кээ бир күндөрү эле 17…20 градуска чейин жогорулайт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (50-52мм).

Суусамыр өрөөнүндө  абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 12…14° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7° жылуулук тегерегинде болуп, күндүз 17…22° жылуулуктан 23…28° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.+

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (36-38мм).