20.04.2018 10:36
Издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды
МУКК кызматкерлери сириялык-ирактык зонадан өлкө аймагына согушчандар жана ЭТУ мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кирүү каналдарын айкындоо жана бөгөт коюу максатында жүргүзүп жаткан контртеррористтик иш чаралардын алкагында 1986-жылы төрөлгөн чет өлкөлүк жаранды, террористтик уюмдун мүчөсүн колго түшүрдү.
Кармалган чет элдик жаран КМШ өлкөлөрүнүн биринде укук коргоо органдары тарабынан издөөдө экени аныкталды. Ал 2015-жылы Эл аралык террористтик уюмдун куралдуу күчтөрүнө мыйзамсыз катышкандыгы үчүн айыпталган. Диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сириядагы өкмөт аскерлерине каршы согуштук иш-аракеттерге катышкан.
Учурда кармалган адам тиешелүү жазасын алуу үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: