15.10.2018 09:57
Кадамжай районунда айдоочу рулду башкара албай Ак-Суу суусуна түшүп кетти
© МТРК "Мир"
Кадамжай районунда айдоочу рулду башкара албай сууга түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Окуя кечээ, 14-октябрь күнү саат 22:26да Кадамжай-Жийделик унаа жолунун 5-чакырымында болгон. «Лексус РХ-300» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу ролду башкара албай Ак-Суу суусуна түшүп кеткен.
Унаанын ичинде 2 киши болгон, алар эч кандай жаракат алган эмес. Кырсык болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, унаанын ичиндеги адамдарды чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: