19.06.2018 11:48

Кадамжай районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Кадамжай районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Кадамжай районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Бул туурасында КР ӨКМ дин басма сөз кызматы билдирди.  

Бүгүнкү күндө Кадамжай району боюнча жалпы 6 турак үйдүн ичи, 217 турак үйдүн жер тилкелери, 10 контейнер, 34,5 чакырым ички чарбалык унаа жол, 26,3 чакырым ички чарбалык арыктар сел сууларынан тазаланып, 335 метр лоток калыбына келтирилди.

Селдин кесепеттерин жоюу иштерине 8 самосвал, 5 экскаватор, 4 трактор,7 жүктөгүч, мэриядан 1 жүктөгүч, райондук суу чарба башкармалыгынан  2 жүктөгүч, №46 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер жана жергиликтүү тургундардан 320 адам тартылган.

Ал эми сел суулары каптаган 54,2 га үлүш жерлерге кайрадан айдалып, эгин эгилет.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 15-июнь күнү саат 07:00 жана 22:20 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Ак-Турпак, Кыргыз-Кыштак, Совет айыл аймактарында сел жүрүп, жалпы район боюнча көптөгөн турак жай, жер тилкелер жабыркаган.