20.06.2018 18:12

Кадамжайда 4 жаштагы кызды сүзүп качкан айдоочу кармалды

Кадамжайда 4 жаштагы кызды сүзүп качкан айдоочу кармалды

Кадамжай районунун Таш-Дөбө айылында 4 жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен айдоочу табылды. Бул туурасында ИИМден билдиришти.

Кырсык 19-июнда кечки саат 18:00 чамасында болгон. Кызды сүзүп кеткен айдоочу окуя болгон жерден изин суутуп, ал эми 4 жаштагы С.А. алган жаракаттарынан улам аймактык ооруканага жеткирилген.

Бул факт Баткен облусунун Кадамжай районунун Ички иштер органдарында катталган. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө  жол кырсыгына кабылган “Тойота-Ипсум” үлгүсүндөгү унаа табылып, анын айдоочусу 45 жаштагы Б.Ж. кармалды.

Териштирүү иштери башталды.