25.10.2018 15:08

Кадамжайда карышкырлар айылга кирип келип, 4 адамды жарадар кылды

Кадамжайда карышкырлар айылга кирип келип, 4 адамды жарадар кылды

Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылында 2 карышкыр адамдарга кол салган. Алардын бирин эл таяк менен уруп өлтүрдү, деп жазат Turmush агенттиги.

Окуя 23-октябрда болгон. Таңкы саат 07:00 чамасында Кара-Жыгач айылына 2 карышкыр кирип келип, алдынан чыккан адамдарга, иттерге, жаныбарларга кол салган.

4 адам оор жаракат алган. Андан улам эл ызы-чуу болуп топтолуп, карышкырдын бирөөсүн короого камап, таяк менен уруп өлтүрүшкөн. Ал эми экинчи карышкыр айылдан качып кеткен.

«Жаракат алган 4 адам Кызыл-Кыя ооруканасына жеткирилип, азыр абалдары туруктуу. Учурда кутурма оорусуна карата анализдер алынып, текшерүү иштери жүрүүдө», -деп жазат агенттик.

Мергенчилерге карышкыр тиш салган иттерди атып жок кылуу тапшырмасы берилди.