26.10.2018 09:00
Кадамжайда кутурган карышкыр тиштеген 5 адам ооруканада дарыланууда

Кадамжайдын Үч-Коргон айылында кишилерге тиш салган карышкырдан кутурманын белгилери табылды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, окуя 23-октябрда болгон. Азуулуу жырткычтан эртең менен мал жайып чыккан 5 киши жабыркаган.
Ошол эле күнү алар ооруканага кайрылышып, кутурмага каршы эмдөөдөн өтүшкөн. Учурда дарылануу курсун улантып жатышат, абалдары канааттандыраарлык.
Кишилерге кол салган карышкыр өлтүрүлгөн. Башын Оштогу санэпидемкөзөмөл борборуна жиберишип, ал жактан кутурма менен ооруй турганы такталган.

interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Апрель 2025
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
Выбранная дата: