23.05.2018 15:18

Кафе-ресторандардын жанына унаа токтотууга болобу? Мэриянын жообу

Кафе-ресторандардын жанына унаа токтотууга болобу? Мэриянын жообу

Бишкек шаарынын тургуну Адилет Ногойбаев Facebook  социалдык тармагындагы баракчасында калаадагы «Ордо» ресторанынын кызматкерлеринин жоругуна таң калганын билдирди. Айтымында, аталган ресторандын жанына унаасын токтотуп коюп, кайра келсе, машинасына «Унаа токтотуучу жай «Ордо» ресторанынын тургундары үчүн» деген баракты чаптап кетишкен. 

«Урматтуу Бишкек шаарынын мэриясы, бул абалда кимдики туура экенин айтып койсоңор??? Мен унаамды токтотуп кетип, кайра келсем, ушундай кат калтырып кетишиптир. Эгер алардыкы туура эмес болсо, аларга түшүндүрүп койсоңор, эгер мен туура эмес кылган болсом, анда, башка бирөөнүн ордун ээлеп алганым үчүн кечирим сурайм», -деп жазат шаар тургуну.  

April.kg бул суроого жооп алуу үчүн Бишкек мэриясынын Жерди иштетүү жана курулуш башкармалыгына кайрылды. 

«Эгерде кафе-ресторандын тегереги тосмо менен курчалып турган болсо, анда анын ичине кирип унаа токтотууга болбойт. Эгерде эч кандай тосмо жок болсо, демек, ал жер муниципалдык менчик болуп эсептелинет жана баардык шаар жарандары унаасын токтото алат», -деп билдирет  аталган башкармалыктын адиси Мелис Нурланбеков.