13.04.2018 16:59

Калаа башчысы Албек Ибраимов ондоо иштери жүрүп жаткан шаар көчөлөрүн кыдырып чыкты

13-апрелде калаа башчысы Албек Ибраимов ондоо иштери жүрүп жаткан шаар көчөлөрүн кыдырып чыкты. Шаар башчысы КР эгемендик алган жылдардан бери биринчи жолу борбордо көчөлөрдү оңдоо боюнча ири иштер жүрүп жатканын белгилеп, тургундарды ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен кароого чакырды.  

Алгачкылардан болуп, Тыныстанов көчөсүндөгү оңдоо иштердин жүрүшүнө байкоо салышты. Оңдолчу жолдун узундугу 2,271 чакырым, унаа жүрүүчү бөлүгүнүн  кеңдиги 8 метр жана жолдун эки тарабында тең 3,5-5,5 метрлик унаа токтотуучу жай болот. Ремонт иштери 30-августка чейин бүтүрүлүшү пландалат.

Эркиндик гүлбагында «Жол каптамын жаңыртуу»  долбоору боюнча иштер жүрүүдө.  Оңдоо иштери Линейная көчөсүнөн Фрунзеге чейин жүрөт. Жолдун узундугу 1,4 чакырым, унаа өтчү жолдун туурасы 9 метр (батыш тарабы), чыгыш тарабынын туурасы 12 метр. Иш быйыл  мартта башталган, 15-октябрда бүтүрүү максатталууда.  

Ошондой эле, Москва көчөсүнүн Сүйүмбаевден Абдрахмановго чейинки бөлүгүндө узундугу 1 чакырымды, унаа жолдун туурасы 14 метрди  түзгөн жол оңдолууда.  Ремонт иши качан бүтөөрү айтылбайт.

Чүй кең көчөсүнүн Т. Айтматовдон  Шабдан Баатырга чейинки 800 метрлик  тилкеси оңдолууда.  Анын унаа өтүүчү бөлүгүнүн эки тарабы тең 9 метрди түзөт.

Шабдан-Баатыр көчөсүнүн  Чүй кең көчөсүнөн Анкарага чейинки узундугу 2,2 чакырым болгон бөлүгүндө да ремонт иштери жүрүүдө. Азыр көчөнүн батыш тараптагы бөлүгү оңдолуп жатат.  

Жибек-Жолу  көчөсүнүн Тоголок Молдодон  Манас проспектисине чейинки ремонттоло турган тилкесинин узундугу 600 метр. Унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 14-15 метр.

Албек Ибраимов жооптуу кызматкерлерге ремонт иштеринин сапаттуу жасалышына көзөмөл кылууну жана жолду оңдоп жаткан  уюмдарды ишти өз мөөнөтүндө бүтүрүүгө  милдеттендирүүнү тапшырды.