19.04.2018 12:00

Калаа мэри өрттөн жабыркаган Ош базарын кыдырып келди

Бишкек мэри Албек Ибраимов  өрттөн кийинки Ош базарынын абалы менен таанышты. Ал жеринде  тилсиз жоодон жабыркаган сатуучулар менен жолугушту.

«Келүүмдүн себеби, маселелерди жеринде чечип, базардын азыркы абалын көрөйүн дедим.  Азырынча биз соодагерлер үчүн белгилүү бир жеңилдиктерди берип  жатабыз, бул базардагы жумуш орундарын калыбына келтиргенче гана. Оңдоо иштеринен кийин соода түйүндөрүндө байкоо камераларды жана өрткө каршы жабдыктарды орнотобуз», – деди мэр.

Эскерте кетсек, өрттөн улам базардын 2,5 миң чарчы метр аянты күйүп, соодагерлер жумуш орундарынан ажырашкан. Учурда алар өрттөн аман калган товарларын жол боюна коюп сатууга аргасыз болушууда.