13.04.2018 16:31

Калаа мэриясы “Октябрь” кинотеатрынын айланасын мыйзамсыз курулуштардан арылтууда

Бишкек мэриясынын Жерди иштетүү жана курулуш башкармалыгы Жаш Гвардия бульварынын Киев көчөсү менен кесилишинде жайгашкан  «Октябрь» кинотеатрынын аймагында коомдук даараткананын жанына мыйзамсыз түрдө жайкы аянтча ачылганын аныктады. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан билдиришти. 

Өлчөй келгенде, ээленген аянттын көлөмү 2 соткага жакын экени тастыкталды.

Ошондой эле, башкармалык кызматкерлери кинотеатрдын чыгыш тарабында “Амир Бургер” ашканасы жайгашып, эч кандай уруксаат берүүчү документтери жок эле бастырма, тандыр мешин жана гриль бышыруучу жай коюп алганын аныкташты. 

Учурда менчик ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, муниципалдык аймак бошотулду.