17.04.2018 10:30

Калаада 6 миңден ашуун бөбөк бала бакчага баруу үчүн электрондук кезекте турат

Калаада 6 миңден ашуун бөбөк бала бакчага баруу үчүн электрондук кезекте турат

Бишкек шаарында 6 миң 260 бөбөк бала бакчага кирүү үчүн электрондук кезекте турат. Бул туурасында Билим берүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматы боюнча, бала бакчаларга кабыл алууда  «Таза коом» долбоорун ишке ашыруунун алкагында  электрондук кезек иштеп баштады. Буга чейин билим берүү бөлүмдөрүнө кагаз жүзүндө берилген 4 325 арыз кезекке кошулду. 

www.balabakcha.edu.gov.kg сайты иштеп баштаган бир ай ичинде 1746 баланын ата-энеси бул мүмкүнчүлүктөн колдонду. Орточо эсеп менен бир күндө 70-100 арыз  катталууда дешет мекемеден.

Министрлик калкты техникалык жактан колдоо ишин да уюштурган. Ата-энелер телефон аркылуу адистен электрондук кезекке туруунун жол-жобосун тактап алса болот.

Ошондой эле, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн  адистери жана бала бакча кызматчылары электрондук кезек менен иштөө боюнча окутуудан өттү.

Баланын кезеги жылып жатканын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөгү номер же Бирдиктүү реестрдеги катталган номери боюнча билсе болот. Бала бакчаларда бош орун пайда болгондо система аларды бөлүштүрүп, ата-энелерге кезек келгени тууралуу билдирүү жөнөтөт.

Учурда Бишкек шаарында электрондук кезекке калаадагы 85 бала бакчанын 72си киргизилген.