19.06.2018 16:45

Калаада айрым маршруткалардын каттоо схемасы өзгөрдү

Калаада айрым маршруткалардын каттоо схемасы өзгөрдү

Садырбаев көчөсүнүн  Масалиев кѳчѳсүнөн Семетей кѳчѳсүнѳ чейинки бөлүгү жабылганына байланыштуу  кээ бир микроавтобустардын каттамы өзгөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын Шаардык транспорт башкармалыгынан кабарлашты. 

Төмөнкү микроавтобусттук каттамдардын жүрүү схемасы өзгөрүлдү: №: 107, 133,118, 146, 159, 170.  Аталган каттамдар эми  Семетей, Шералиев, Жайыл Баатыр көчөлөрү менен келип,  андан ары мурунку схемасы аркылуу жолун улантышат. 

№ 101 маршруттук микроавтобустун каттамы Иманкулов,  Абдрахманов, Самойлов, Орто көчөлөрү боюнча жүрүп, кайра артка келе жатканда айланып айдайт. 

«Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктардан жана келген коноктордон келтирилген  ыңгайсыздык  үчүн кечирим сурайт. Ошондой эле, коомдук маршруттук каттамдардын өзгөрүүсүнө түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт», -деп жазылат маалыматта.