15.08.2018 15:49

Калаадагы Чыгыш-5 кичирайонуна 70тен ашуун видеокамера орнотулат

Калаадагы Чыгыш-5 кичирайонуна 70тен ашуун видеокамера орнотулат

Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичирайонунда жакын арада 70тен ашуун видеокөзөмөл камерасы орнотулат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан билдиришти. 

Свердлов райондук ИИБдин маалыматына караганда, аталган райондо кылмыштар көп катталат, 2017-жылы эле 494 ар түркүн окуялар болгон. 

Мындан улам, райондогу тартипти камсыздоо жана батирлерди тоноонун алдын-алуу максатында   «Реформа жана жыйынтык үчүн» жарандык кеңеши менен биргеликте аталган райондо «Коопсуз кичирайон» программасын ишке ашыруу максатталууда.   

Чыгыш-5 кичирайонундагы 14 көп кабаттуу үйдү камера менен жабдуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каралып, 72 видеокамера,  9 видеорегистратор, 9 катуу диск, 9 ток булагынын блогу,  12 монитор жана 2 миң 335 метр кабель сатылып алынды. 

Учурда № 25-А жана № 25-Б үйлөрүндө камера орнотуу иштери жыйынтыкталып, №№ 5 жана 6 үйдө орнотулууда. 

Жыл аягына чейин микрорайондун көчөлөрү жана үйлөрү видеокөзөмөл менен камсыздалат.