29.05.2018 18:04, Аман Бакиров

Калаанын 11-кичирайонунда пайда болгон селсаяк- бачабаз тууралуу маалымат төгүндөлдү

Калаанын 11-кичирайонунда пайда болгон селсаяк- бачабаз тууралуу маалымат төгүндөлдү

Күн мурун «Вечерний Бишкек»  гезитинин порталына ордо калаанын 11-кичирайонундагы карьерде бачабаздар менен селсаяктар көбөйүп кеткени тууралуу маалымат жарыяланган. 

«Райондогу 63-мектептин жанында чоң карьер бар. Бир нече убактан бери ал карьерди селсаяктар ээлеп алып, боз үй сыяктуу нерсе коюп алышты. Эми таштандылардан желим бөтөлкөлөрдү терип келип, карьерге чогултуп жатышат. Бир адам келип, алардан бул бөтөлкөлөрдү сатып алып кетүүдө», -деп жазылат маалыматта.

Ага кошумча, «чатырда жашагандардын бири жылаңачтанып алып, ал жерге ойноп барган балдарды «бир нерсе көрсөтөм» деп алдап чакырган»,- деп айтылып, жөн селсаяк эмес, бачабаз дагы экен деп кошумчаланат.  

Калаада болуп жаткан мындай терс көрүнүш  April.kg  кабарчыларынын кызыгуусун жаратып, алар маалыматты тактоо үчүн 11-кичирайонго барышкан. Бирок, аталган районду караган аймактык милиция кызматкерлеринин  айтымында, мунун баары жалган. 

«Аймакта эч кандай бачабаздар жок. Коомдук тартип -ойдогудай сакталууда», - дешет тартип сакчылары. 

Карьерге жакындаганда ал жерде чындап эле боз үй тигилип, жанында таштандылар үйүлүп турганын көрүүгө болот. Бирок, бул селсаяктардын баш калкалоочу жайы эмес, Бишкек шаарынын бир тургунунун жаңы ачкан «бизнеси» экен. 34 жаштагы Талант Намазбековдун айтымында, бул жерде ал селсаяктар чогултуп келген таштандыларды  сорттоп, желимин өзүнчө, кагазын өзүнчө жана темир-тезегин өзүнчө бөлүп, аларды кайра иштетүүчү жеке ишканаларга сатат. 

«Албетте, мен бул жерге эч кандай уруксаат кагаздары жок эле келдим», - деп мойнуна алат Намазбеков. Анын айтымында, «бул карьер ансыз деле таштандынын чордонуна айланган».

«Мен болсо аларды ылгап, бир жагынан өзүм киреше тапсам, экинчи жагынан шаардын таза сакталышына салым кошуп жатам», - дейт  эпчил шаар тургуну. 

Өзүнүн үй-бүлөлүү адам экенин айткан Талант Намазбеков аны «бачабазга»  айланткан окуяны айтып берди.

«Күндүн ысыгында белге чейин чечинип алып иштейм. Бир күнү дагы ошентип иштеп жатсам, жергиликтүү балдар келип, мага «селсаяк» деп кыйкырып, таш ыргытышканынан, опузалап, «эй» деп кыйкырып койгом. Ошондон бери өзүн юрист атаган айым мени бачабаз кылып, селсаякка айлантып,  «Вечерний Бишкекке» маалымат берип, мени жаманатты кылыптыр», - дейт Намазбеков.

Таштандыдан желим бөтөлкө, керексиз буюм-тайымдарды  чогултуп келип берген селсаяктар бул иши үчүн ишкерден күнүмдүк майына болбосо да, нанына жетчүдөй тыйын-тыпыр алып турушат. Өзү болсо, ылгап чыккан таштандыларынын бир килограммына 2 сомдон кошуп сатып, айына 30-35 миңге чейин пайда көрөт.

«Эми муниципалитет менен милициядан адамдар келип, менин бул карьерден чыгып кетүүмдү талап кылышууда»,- дейт Намазбеков. Анын айтымында мыйзам бардыгы үчүн бирдей, андыктан жакынкы күндөрү жаңы баштаган ишкерлигин жыйыштырууга туура келет.