11.07.2018 12:36

«Калыс-Ордо» жаӊы конушунун тургундарына үй-бүлөнү пландоо тууралуу спектакль көрсөтүлөт

«Калыс-Ордо» жаӊы конушунун тургундарына үй-бүлөнү пландоо тууралуу спектакль көрсөтүлөт

Бишкек шаарынын «Калыс-Ордо» жаӊы конушунда бүгүн,11-июлда Бүткүл дүйнөлүк калкты жайгаштыруу күнүн майрамдоо өткөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) бул майрамды жыл сайын белгилеп келет. Ал эми бул жылды «Үй-бүлөнү пландоо - бул адамдын укугу» аттуу темада белгилөө аныкталган. Иш-чара кечки саат 17.00дөн тартып 19.00гө чейин өткөрүлөт. 

«Эркектер жана аялдар үй-бүлөнү пландоо маселесинде, анын ичинде үй- бүлөдө балдардын санын жана алардын төрөлүшү ортосундагы аралыктарын аныктоодо бирдей укуктарга ээ жана бирдей жоопкерчиликти тартышат. Балдардын төрөлүшүнүн ортосундагы аралыкты жок дегенде 3 жылдык мөөнөт аралыгында сактоо аялдардын жана балдардын ден соолугунун ачкычы болуп саналат», - дейт ЮНФПАнын Кыргыз Республикасындагы Аткаруучу өкүлү Медер Омурзаков.

«Үй-бүлөнү пландоо - адам укугу» иш-чара программасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун өкүлдөрүнүн куттуктоо сөздөрү.
  • Жарандардын репродуктивдик ден-соолук жана алар менен байланышкан укуктары маселелери, ошондой эле «Коопсуз маршрут» контрацепция методу боюнча маалыматтык көргөзмө.
  • Үй-бүлөнү пландоо жөнүндө спектакль.
  • Кыргыз Республикасынын эстрада жылдызы Динара Акулова ырдайт.
  • № 86 мектептин окуучуларынын жана мугалимдеринин концерти.
  • Жаштардын катышуусундагы флеш-моб.