12.04.2018 16:10
Камактагы Өмүрбек Текебаев абактан дарыланат
Камактагы экс-депутат Өмүрбек Текебаев түрмөдө дарыланат. Бул туурасында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Мындай чечим бүгүн дарыгерлердин кеңешмесинде кабыл алынган. Текшерүүнүн корутундусу жана дарыгерлер дайындаган дарылоо боюнча Текебаев өзү кармалган №47 абакта дарыланат. Ал жакта мурунку эл өкулүн кошумча медициналык кароодон өткөрүүнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы убадалайт.
Эскерте кетсек, буга чейин Өмүрбек Текебаев кардиологиялык борбордон текшерүүдөн өткөн.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: