18.04.2018 11:24

КамАЗ алдында калган кыздар

Кыргызстандын жолдорундагы кырсыктар адам өмүрүн алганын улантууда. Дөңгөлөк алдында дагы эки жаш кыз жан берди. 16-апрель күнү кечки 18:00 чамасында Ауэзов көчөсүндө жол кырсыгы катталган. КамАЗ унаасынын 60 жаштагы айдоочусу  21 жаштагы эки кызды сүзүп, сүйрөп кеткен. Алар окуя болгон жерде медиктер келгенче эле жан беришти. Окуянын чоо жайын April.kg кабарчысы Айгөкүл Дайырбек кызы айтып берет.