27.08.2018 11:36

Кара желекчен унаалар. Чуу салган унаалардын кимге таандык экени анык болду

Кара желекчен унаалар. Чуу салган унаалардын кимге таандык экени анык болду

Көчөлөрдө кара желек менен жүргөн автоунаалардын террористтик уюмдарга тиешеси жок. Бул туурасында УКМКдан билдиришти. 

Өткөн жуманын аягында социалдык тармактын колдонуучулары Бишкек шаарынын жана Александровка айылынын көчөлөрүндө кара желек илген автоунаалар пайда болгонун жазып чыгышкан. Тургундарда бул желек Кыргызстанда ишмердиги тыюу салынган «Ислам мамлекети» уюмуна таандык болушу мүмкүн деген шек пайда болгон. Мындан улам, УКМКга абалга юридикалык баа берүү өтүнүчүн жолдошкон.

УКМКдан тургундар автосүйүүчүлөрдүн клубунун белгиси түшүрүлгөн желекти ИМИЛдин желеги менен алмаштырып алышканын билдиришти. 

«УКМК кызматкерлери мындай желек илген 3 унааны кармашты. Желек «CERBER AVTO CLUB» автоборборуна таандык болуп чыкты. Айдоочулар Бишкектен Беловодскийдеги балдар үйүнө бара жатышкан. Ал жакта кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүшмөк экен. Аларга террористтик уюмдарды эске салган шектүү белгилерди колдонбоо тууралуу эскертилди», — деп билдиришти УКМКдан.