27.08.2018 17:55

Кара желекчен унаалар деги кимге таандык? ИИМдин маалыматы

Кара желекчен унаалар деги кимге таандык? ИИМдин маалыматы

Бишкек шаарынын жана Александровка айылынын көчөлөрүндө пайда болгон кара желекчен унаалар тууралуу КР Ички иштер министрлиги түшүндүрмө берди. Аталган органдын маалымат кызматынын айтымында, ИИМ «Facebook» социалдык тармагында жарыяланган тасма боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын өткөрүп, шектүү желекти илип алган унаанын ээсин аныктады. 

Ал Э.Т аттуу жаран болуп чыкты. Айдоочу тартип сакчыларына араб тилиндеги жазуулары бар жашыл түстөгү желек классташынын өтүнүчү менен анын үйлөнүү тоюнда этникалык азчылыктын улуттук атрибуту катары колдонулганын билдирди. Социалдык тармактарда тарап кеткен тасма «Кант-Бишкек» трассасында, тактап айтканда Лебединовка айылында тартылган.

Андан тышкары, желектеги жазуунун мааниси анык болду. ИИМдин маалыматында, желекте араб тилинде «Кудай колдосун» жана «Жараткан Аллах» деген сөздөр болгон. «Желек дагы, андагы жазуулар дагы эч бир террористтик жана экстремисттик уюмдун атрибутикасы эмес. Айдоочу түшүндүрүү иштеринен соң бошотулду», -деп жазат ИИМ. 

Эскерте кетсек, бүгүн, 27-августта эртең менен Улуттук коопсуздук кызматы бул тасма тууралуу башка маалымат тараткан эле.

«УКМК кызматкерлери кара желек илген 3 унааны кармашты. Желек «CERBER AVTO CLUB» автоборборуна таандык болуп чыкты. Айдоочулар Бишкектен Беловодскийдеги балдар үйүнө бара жатышкан. Ал жакта кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүшмөк экен. Аларга террористтик уюмдарды эске салган шектүү белгилерди колдонбоо тууралуу эскертилди», — деп билдиришкен УКМКдан.