26.08.2018 21:31

Кара желектүү унаалар. Соцтармак колдонуучулары УКМКдан абалга юридикалык баа берүүнү суранышат

Кара желектүү унаалар. Соцтармак колдонуучулары УКМКдан абалга юридикалык баа берүүнү суранышат

Бишкектин бир нече райондорундагы жана Александровка айылындагы көчөлөрдө кара желек  илген автоунаалар жүрүшөт. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагындагы айрым колдонуучулар өз баракчаларында жазып чыгышты. 

«Бул тасма бүгүн Александровка айылында тартылган деп жазып жатышат? Бул чынында эле ИМИЛдин желегиби? Ал дагы кара түстө эмеспи?» - деп жазды жактоочу Искен Афиджанов.

Колдонуучулар Улуттук коопсуздук комитетине кайрылып, бул окуяга юридикалык баа берүүнү жана тиешелүү чараларды көрүүнү суранышат.