26.06.2018 09:58
Кара-Балтада барак үйдө өрт чыгып, толугу менен күйүп кетти

Кара-Балта шаарында чыккан өрттөн аянты 600 чарчы метр барак үй толугу менен күйүп кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кырсык 26-июнга караган түнү аталган шаардын Садовая көчөсү №97 дареги боюнча катталган.
Тилсиз жоо чыккан жерге өрт өчүрүүчүлөр барган менен үй толук өрттөнүп кетти. Жалын башка үйлөргө өтпөш үчүн саат 5:48де гана өрттү толук өчүрүүгө мүмкүн болду.
Өрттүн чыгуу себеби такталууда.

interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Апрель 2025
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
Выбранная дата: