Кара-Балтада белгисиздер эне-баланы бычактап кетишти
Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын четинде белгисиздер эне-баланы бычактап кетишти. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, адам өмүрүнө кол салуу болгону тууралуу кабар райондук милицияга 19-июнь күнү 17:56 чамасында түшкөн. Чалган аял үйүнө беткапчан белгисиз адамдар кирип, анын күйөөсүн жана кайненесине бычак сайып кеткенин билдирген. Экөө тең жеринде каза болгон.
Окуя болгон жерге барган топ 50-55 жаштагы аялдын жана 25-30 жаштагы эркек кишинин бычактан көп сандагы жаракат алган денесин көрүшкөн.
Бул факт «Адам өлтүрүү» менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Каза болгон жарандардын аты-жөнү такталып, 53 жаштагы М.С. жана анын 31 жаштагы М.А. аттуу уулу экени белгилүү болду. Сотко чейинки өндүрүш башталды.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: