18.09.2018 10:17
Каракол базарынан чыккан өрттөн 836 чарчы метр аянт күйүп кетти
Кечээ, 17-сентябрда Каракол шаарындагы «Ак-Тилек» базарынан өрт чыкты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Алдын-ала маалыматтарга караганда, жалын контейнерлердин биринде чыгып, андан башка жактарга тараган. Өрт өчүрүү кызматына кырсык тууралуу саат 22:35те маалымдалып, 4 бөлүм тартылган.
Алдын-ала маалымат боюнча, базардын 836 чарчы метр аянты күйгөн. Тактап айтканда: кийим-кече жана азык-түлүк саткан 8 контейнер. Тилсиз жоо саат 00:20да чектөөгө алынып, 2:10да толук өчүрүлдү. Жабыркагандар жок.
Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: