18.09.2018 14:03

Каракол шаардык кеңеши өкмөт башчынын мэр боюнча чечимине макул эмес

Каракол шаардык кеңеши өкмөт башчынын мэр боюнча чечимине макул эмес

Каракол шаардык кеңешинин депутаттары шаар мэри Данияр Арпачиевге экинчи ирет ишеним көрсөтпөөгө ниеттенишүүдө. Бул тууралуу VB.KG шаардык кеңештин депутаты Фархад Алжанбаевге таянып билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, жакын арада депутаттар бул маселени чечүү үчүн кезексиз жыйынга чогулушат. Алар мэрге Каракол шаарына жолдорду, тротуар, аялдама салууга бөлүнгөн каражаттар боюнча нааразычылыгы бар экенин билдиришкен. 

«Биздин Каракол шаарынын мэрине бир гана сурообуз бар - жолго, тротуар, аялдамага деп бөлүнгөн каражат каякка кетти?» -дейт Алжанбаев. 

Мындан мурдарак Каракол мэри Данияр Арпачиев ЖМКларга берген маегинде анын кызматтан кетүүсүнө айрым бир партиялар кызыкдар болуп жатканын айткан эле.

Эскерте кетсек, 31-июлда Каракол шаардык кеңеши Арпачиевге ишеним көрсөтпөө маселесин ортого салып, 30 депутаттын 28и бул чечимди колдогон. Бирок, өкмөт башчы документти кайра карап көрүүгө жөнөткөн болчу.