25.04.2018 15:54

Каракол шаарында коопсуздук кызматкерлерине үй курулуп башталды

Каракол шаарында  коопсуздук кызматкерлерине  үй курулуп башталды

Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн турак-жайларды куруу башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынан билдиришти. 

2018-жылдын 25-апрелинде президент С.Жээнбеков жарыялаган аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Каракол шаарында курулуучу турак үйдүн пайдубалына капсула салуу аземи болуп өттү.

Бул иш чарага Каракол шаарынын мэри, коопсуздук органдарынын жетекчилиги, ардагерлери жана кызматкерлери катышты. Быйылкы жылы бул турак-үйдөн МУКК кызматкерлеринен 20дан ашык үй-бүлө өздүк батирлерге ээ болот.

Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Президентинин түздөн-түз колдоосу менен МУКК кызматкерлерине башка аймактарда дагы турак-үйлөрдү куруу белгиленип жатат. 

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 13-апрелинде Ош шаарында КР МУКК кызматкерлери үчүн турак-үй куруу иштери башталган.