09.05.2018 10:59

Каракол шаарында Улуу Жеңиш майрамы белгиленүүдө

Каракол шаарында Улуу Жеңиш майрамы белгиленүүдө

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүүдө. Майрамдык иш-чарага шаардыктардан  сырткары, жакынкы айыл тургундары дагы келишкен. Өлкөнүн бардык аймактарында өтүп жаткан "Өлбөс полк" акциясы  Каракол шаарында да уюшулган. 

Жүрүш саат 9:00дө шаардын Пржевальск көчөсүнөн башталып, ага Улуу Ата Мекендик согушка катышкан чоң аталарынын, туугандарынын сүрөттөрүн көтөргөн  мектеп окуучулары, студенттер, ар кайсы уюмдардын кызматкерлери катышты. Акция катышуучулары Пржевальск көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө бурулуп, акыркы пункт -Жеңиш паркына келишти.

Ал жерде өчпөс отко гүлчамбарлар коюлуп, бир мүнөттүк аза күтүү өткөрүлүп, ата-бабалардын арбагына арналып, куран окутулду. Майрамга чогулган элге К.Жантөшев атындагы облустук драма театрынын актерлору "Саманчынын жолу" спектаклинен үзүндү тартуулашты. Ал жерде өчпөс отко гүлчамбарлар коюлуп, ата-бабалардын арбагына арналып, куран окутулду. 

 Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев менен шаар мэри эл алдына чыгып, тургундарды Жеңиш күнү менен куттукташты.

Учурда  облуста  Улуу Ата Мекендик согушка катышкан 41 ардагер, ооруктун 200 эмгекчиси калган.