12.10.2018 13:18

Каракол шаарынын мэри болуп Адыл Каниметов шайланды

Каракол шаарынын мэри болуп  Адыл Каниметов  шайланды

Бүгүн Каракол шаарынын мэрин шайлоо жүрүп, талапкер Адыл Каниметов көпчүлүк добуш менен мэр болуп шайланды. Бул туурасында жергиликтүү кеңештин депутаттарынын бири билдирди.

Каниметов үчүн 18 депутат добуш берсе, анын атаандашы Эрлан Айсаракуновду 11 эл өкүлү колдогон. 

Шайлоого 31 депутаттын 29у катышкан.

Маалымат:

Адыл Жанкорозович Каниметов 1977-жылы 12-декабрда Ысык-Көл облусунун Түп районунда төрөлгөн. Мурунку депутат Жанкороз Каниметовдун уулу. Акыркы 2 жылда Каракол шаарынын бириннчи вице=мэри болуп эмгектенген.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Жусуп Шариповдун күйөө баласы. 

Буга чейинки мэр Данияр Арпачиевге шаардык кеңештин депутаттары 2 жолу ишеним көрсөтпөй,  мындан улам, өкмөт башчы аны кызматтан алууга аргасыз болгон.