18.06.2018 10:44
Каракол зоопаркында ламанын баласы жарык дүйнөгө келди
Каракол шаарындагы зоопаркта ламанын баласы жарык дүйнөгө келди. Бул туурасында «Бугу-Эне» зоопаркынын жетекчиси Салтанат Сеитова April.kg порталына билдирди.
Жекшемби күнү туулган ботого зоопарк кызматкерлери Татьяна деген ат коюшту. Ламалар Кыргызстанга 2009-2012 жылдары Алматыдан алынып келинген.
Анда алардын саны 2-3 гана болчу. Ал эми азыр аталган жаныбарлардын эсеби эки эсе өскөн.
Ламалар балдарын курсагында 11,5 ай (350 күн) көтөрөт. Ургаачылар бир жашында эле жетилип, тукум берүүгө даяр болуп калат.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: